Казакстандыктар банкроттукка онлайн арыз бере алат

Казакстандыктар банкроттукка онлайн арыз бере алат

Бул тууралуу каржы вице-министри Ержан Биржанов билдирди. Анын айтымында, арыздарды онлайн түрүндө кабыл алуу жагы да каралган. Бул процесс E-gov порталы же E-salyg Azamat тиркемеси аркылуу ишке ашырылат. Учурда Ачык өкмөт сайтында коомдук талкуу жүрүп жатат. Элден келген сунуштар бирдин айынын 8не чейин кабыл алынат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн бир миллиондон ашык жараны бир жылдан ашык убакыттан бери насыясын төлөй элек.

Ержан Биржанов, каржы вице-министри:

Биз 22 кызматты ишке ашырууга тийишбиз. Башкача айтканда, 22 булак менен интеграциялашыбыз керек. Учурда бул иштер жүрүп жатат. Эгерде бул текшерүүнүн жыйынтыгы оң болсо, биз аны жумушка алып, банкроттук жөнүндө арызды карайбыз. Эгерде көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бербесе, биз анда арызды артка кайтарабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков