Уимблдон турниринин жеңүүчүсү Елена Рыбакина Казакстанга кайтты

Уимблдон турниринин жеңүүчүсү Елена Рыбакина Казакстанга кайтты

Кымыз, боорсок, гүл жана сыймык. Уимблдондун жеңүүчүсү Елена Рыбакинаны борбор калаанын аэропортунан күйөрмандары жана жакындары тосуп алышты. Бүгүн Рыбакина президент менен жолугуп, басма сөз жыйынын жана жаш оюнчуларга мастер-класс өткөрөт. Эртең, теке айынын 13дө теннисчи Алматыга бараары пландалууда. Белгилей кетсек, буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев Елена Рыбакинаны 2-даражадагы «Достук» ордени менен сыйлаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков