Казакстанда «майып» деген термин «майыптыгы бар адам» деп өзгөртүлүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы санаториялык-курорттук дарыланууга алып барган адамга жолдомо акысынын 70 пайызын төлөп берүү каралууда. Ошондой эле, саламаттык сактоо уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга биринчи кезекте кызмат көрсөтүү көздөлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин пленардык жыйынында депутат Жамиля Нурманбетова билдирди. Белгилей кетсек, Казакстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 75 мыйзамдык актыга, 11 кодекске жана 64 мыйзамга киргизилип, мыйзам долбоору депутаттар тобу тарабынан демилгеленген.
Жамиля Нурманбетова, Казакстан Парламент Мажилисинин депутаты:
- Үчүнчү топтогу майыптыгы бар адамдарды жекече нотариалдык аракеттерди жасоодо юридикалык жана техникалык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн бошотулган адамдардын категориясына киргизүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуучу башка да эрежелер көздөлөт. Мындан тышкары, Казакстандын аймагында адам сатуунун курмандыгы катары аныкталган чет элдиктерге кепилденген акысыз медициналык жардам жана атайын социалдык кызматтарды көрсөтүү нормалары эске алынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков