Казакстандыктар арасында алтынга болгон суроо-талап өсүүдө

Казакстандыктар арасында алтынга болгон суроо-талап өсүүдө

Казакстандыктар арасында алтынга болгон суроо-талап өсүүдө. Аяк оона айында эле экинчи даражадагы банктар жана акча алмаштыруу жайлары аркылуу 108 килограммдан ашык алтын куймасы сатылган. Жыл башынан бери казакстандыктар 823 килограмм же 23 миң даана баалуу металл сатып алышты. Ошентип, бул жылы сатуу 2019 жана 2020-жылдарга салыштырмалуу 45%га жогору. Акчалай айтканда, сатылган алтындын суммасы болжол менен 47 миллион долларды түзөт. Негизги сатып алуучулар - Алматы, Нур-Султан жана Атырау шаарынын тургундары. Серепчилердин айтымында, суроо-талаптын мындай өсүшү калктын белгилүү бир катмарынын колдо болгон кирешелеринин олуттуу өсүшүнө байланыштуу. Буга кошумча, пенсияны да ашыкча колдонуу мүмкүн. Мындай сатып алуулар адамдарды инвестиция каражаты катары кызыктырат. Ошол эле учурда базарда алтындын баасы тынымсыз өсүп жатканын белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков