Үстүбүздөгү жылдын 11 айында жүз миңге жакын унаа кураштырылган. Негизги бөлүгүн жеңил унаалар түзөт. Бул аралыкта темир тулпардын 90 миңден ашуун түрү базарга жөнөтүлгөн. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32 пайызга көп. Калган бөлүгү жүк ташуучу унааларга, автобустарга жана башка атайын техникаларга таандык. Казакстандын автоунаа бизнеси ассоциациясынын маалыматы боюнча жыл башынан бери 60 миң автоунаа кураштырган Костанай заводу алдыда келе жатат. Быйыл өндүрүш көлөмүн 47 пайызга арттырып, кирешеге жеткен Алматынын бир ишканасы техниканын 33 миң даанасын сатыкка койгон. Жалпысынан жыл башынан бери Казакстанда өндүрүлгөн автоунаа өнүмүнүн жалпы наркын адистер 1 триллион теңгеге баалашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков