Алматы облусунда ири логистикалык хаб түзүлөт

Алматы облусунда ири логистикалык хаб түзүлөт

Алматы облусунда биринчи ири индустриалдык-логистикалык хаб түзүлөт. Долбоор бир нече этап менен ишке ашырылат.  Анын биринчи фазасы 2027-жылга чейин, экинчи фазасы 2029-жылга чейин пландаштырылган. Ал эми акыркы өнүктүрүү иштери 2032-жылы бүтөрү күтүлүүдө. Жалпы курулушка 550 гектарга жакын жер каралат.

Ерлан Койшыбаев, Алматы облусунун ишкердик жана индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү башкармасынын бөлүм башчысы:

– 550 га жерден 215 га ачык соода аянты, 250 га контейнер терминалы жана 85 га темир жол инфраструктурасын куруу пландаштырылууда. Долбоордун жалпы баасы 90 миллиард теңге болуп, 3 миң туруктуу жумуш орундары түзүлөт деп болжолдонууда.  Бул транспорттук-логистикалык хаб мультимодалдык соода аймактарынан, транспорттук-логистикалык түйүндөрдөн жана кампалардан турат. Анын башка хабдардан айырмасы – синергетикалык эффекти бар жана Казакстандын жана Алматы облусунун транзиттик дараметин пайдаланып, транспорттук-логистика тармагындагы бааны турукташтырууга өзгөчө таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков