Анын максаты нерв тутумунун азырынча дабаасы жок эң татаал оорусун жеңүү жолдорун табуу. Белгилей кетсек, гендер аркылуу муундан муунга өтүүчү бул оору адамдын мээсин, жүрүм-турумун, эс тутумун, кыймыл-аракетин бузуп, акыры өлүмгө алып келет.
Аяз Белкожаев, М.А.Айтхожин атындагы молекулярдык биология жана биохимия институтунун илимий кызматкери:
- Биз Гентингтон оорусунун клеткасы менен мутацияланган клетканы алып оорулуу клетканын негизинде микроРНКнын (Рибонуклеин кислотасы) экспрессиясын салыштырдык. Алардын экспрессия профилдерин иштеп чыктык. Натыйжада 2000ге жакын микроРНКнын экспрессиясы аныкталып, 300гө жакын аталган кислотанын дифференциалдуу экспрессиясы аныкталган.
Жаш окумуштуу эксперименталдык анализдер нейродегенеративдик ооруларды мындан ары комплекстүү изилдөөдө маанилүү роль ойной тургандыгына ишенет. Башкача айтканда, ооруну эрте аныктоо же ооруну айыктыра турган альтернативдүү дарылоону издөөгө жардам берет.
Аяз Белкожаев, М.А.Айтхожин атындагы молекулярдык биология жана биохимия институтунун илимий кызматкери:
- Эми анын илимий ишин аткаруу үчүн биологиялык суюктуктарды, мисалы, кан же жүлүн суюктугун түздөн-түз ушул оору менен ооруган бейтаптардан алып, клиникалык шарттарда өзгөргөн микроРНКларыбызды изилдөө керек. Анын алкагында биз келечекте негизги долбоорлорду иштеп чыгуудабыз.
Белгилей кетсек, Аяз Белкожаев «Болашак» программасынын 500 окумуштуу долбоорунун алкагында Улуу Британияда биотехнология тармагында илимий такшалмадан өтүп жүргөндө бул долбоорду иш жүзүндө сынап көргөн. Азыр ал өлкөдөгү М.А. Aйткожин атындагы молекулярдык биология жана биохимия институтунда улантууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков