Жеңиш парады: Улуттук гвардия аскерлеринин салтанаттуу кийимдери даярдалууда

Жеңиш парады: Улуттук гвардия аскерлеринин салтанаттуу кийимдери даярдалууда

Казакстанда Жеңиш күнүнө арналган парадга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Учурда салтанаттуу иш-чарага катыша турган Улуттук гвардиянын жоокерлеринин кийимдери тигилип жатат. Алар аскердик талаптарга ылайык атайын сапаттуу кездемеден тигилет. Кийим майрамдык иш-чарага коооздук гана кошпостон, сап түзөгөн жоокерлердин сырткы көрүнүшүнө олуттуу түс берет. Тигүү цехинин чеберлери форманын ар бир үлгүсү конкреттүү өлчөмдөр менен жоокердин дене-түзүлүшүнө ылайык болорун айтышууда. Ыңгайлуулукка жана тыкандыкка өзгөчө көңүл бурулат. Эң негизгиси, кийим үлгүлөрүндө улуттук колориттеги элементтери болот. Бул салт менен заманбап көрүнүштүн айкалышы. Мындан тышкары, Жеңиш күнүнүн рухун даңазалайт. Белгилей кетсек, парадга Улуттук гвардиянын 400дөн ашуун жоокери катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков