ОПЕК+ өлкөлөрү жаңы келишимге жетишти. Бештин айында күнүмдүк мунай өндүрүү 400 миң баррелге көбөйөт. Ошол эле учурда, Казакстан үчүн квота ай сайынкы өсүштү эске алганда суткасына 1 миллион 556 баррелди түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу АКШ өкмөтү мунай өндүрүүчү өлкөлөрдөн өндүрүштү күнүнө 800 миң баррелге көбөйтүүнү суранган. Бирок картель мурдагы келишимди сактоо чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күндө Brent маркасы 2%га кымбаттап, баррели 83 доллардан ашты. Жыл башынан бери мунайдын дүйнөлүк баасы эки эсеге кымбаттады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков