Дүйнөлүк казактардын кичи курултайы

Дүйнөлүк казактардын кичи курултайы

Ааламдашуу цивилизациясында казак дүйнөсү. Мындай аталыш менен Стамбулда Дүйнөлүк казактардын чакан курултайы башталды. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган үч күндүк иш-чарага Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн атайын чакырылган казак диаспорасынын өкүлдөрү жыйналды. Мерчемделген иш-чаралардын арасында Стамбулдагы белгилүү спортчу Мустафа Өзтүрк атындагы паркынын ачылышы, Алыс бир тууган тасмасынын көрсөтүлүшү жана мекендештерге арналган билим берүү көргөзмөсү бар. Жылына бир жолу өтө турган конгресстин быйылкы темалары актуалдуу. Катышуучулар өлкөдөгү мекендештерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү жана чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Түркиядагы казак диаспорасынын абалын, учурун жана келечегин талкуулашып, катышуучулар аягында атайын билдирүү жарыялайт.

Адилбек Ыбырайымулы, «Дүйнөлүк казактардын биримдиги» РКБ төрагасынын орун басары:

- Курултай – жыл сайын өткөрүлүүчү мамлекеттик иш-чара. Бизде казак элинде барбасаң, келбесең жат болосун дегендей туугандарыңдын арасынан бири-биринен алыс болбоону көздөгөн жана ушул жаатта, биримдикте чет жакта жүрсө да тарыхый ата мекени менен байланышта экенин көрсөтүп, мындай гуманитардык-маданий иш-чаралар аркылуу мамилелерибизди үзбөйбүз. Негизги максатыбыз ушундай.

Которгон: Илгиз Дамалбеков