Президент К. Токаев Кыргыз Республикасында

Президент К. Токаев Кыргыз Республикасында

Президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Анда мамлекет башчысы теке айынын 21де Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын IV консультативдик жолугушуусуна катышат. Жыйында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери дүйнөдөгү азыркы геосаясий жана экономикалык кырдаалга байланыштуу аймактык интеграциянын келечегин карашат. Саммиттин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Которгон: Нурлан Досалиев