Москвада Алия Молдагулованын рухуна таазим этилди

Москвада Алия Молдагулованын рухуна таазим этилди

Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулованын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар Москвада улантылды. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай мергенчинин эстелигине гүл коюлду. Ал казак кызынын аты менен аталган мектептин жанында жайгашкан. Билим берүү мекемесинде баатырдын музейи 12 жылдан бери иштеп келет. Анда Алия Молдагулованын өмүрүнөн алынган сүрөттөр, архивдик материалдар жана китептер коюлган. Мектепте мерген кыздын эрдигин даңазалаган конференциялар жана көргөзмөлөр уюштурулуп турат.


Даниил Новиков, окуучу:


- Алия Молдагулова жөнүндө мен көп уккам. Көп окудум. Жаштар ошол кездеги баатырларды билип, алардын рухуна таазим этүүгө милдеттүү деп ойлойм.


Бактыгали Айжигитов, жазуучу:


- Ата-бабаларыбыздын, баатырларыбыздын аркасында биз азыр тынч мезгилде жашап жатабыз. Биз алардын аттарын унутпашыбыз керек. Эстеликтерди келечек муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков