Казакстандык курьерлер менен такси айдоочулар салык төлөйт

Казакстандык курьерлер менен такси айдоочулар салык төлөйт

Казакстандык курьерлер менен таксисттер салык төлөй турган болду. Бул үчүн Мамлекеттик кирешелер комитети eSalyq Business мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн салык режиминин негизинде пилоттук долбоорду ишке киргизди. Башкармалыктын айтымында, эч кандай салык декларациясын тапшыруунун зарылдыгы жок, онлайн платформа пенсиялык төгүмдөрдү, социалдык төлөмдөрдү жана медициналык камсыздандырууну эсептейт. Колдонуучулардан 1 пайыздык чек боюнча киреше салыгы алынат. Ошентип, таксисттердин же курьерлердин салык органдарына баруусунун зарылдыгы болбойт. Ошондой эле, тиркеменин аркасында салыкты эсептөөдө жана төлөөдө кетирилген каталар жоюлуп, каржылык түйшүк көбөйбөйт. Долбоорго кошулуу үчүн биринчи кезекте жеке ишкер же кызматкер катары катталуу керек. Белгилей кетсек, пилоттук долбоор теке айынын 1нен тарта ишке киргизилди.

Гүлмира Смагулова, Каржы министрлиги мамлекеттик кирише комитети департаментинин башчысы:

 

Ишкер чектерди түздөн-түз мобилдик тиркемеде чыгарат. Ошондой эле, бул тиркемеде чек бизге автоматтык түрдө келет. Ошого жараша киреше автоматтык түрдө эсептелет. Ушундай жол менен биз бардык милдеттенмелерди алдын ала көрө алабыз. Андан кийин айына бир жолу эсептелген милдеттенмелер боюнча маалыматтарды интернет-платформага жөнөтөбүз. Башкача айтканда, канча жеке киреше салыгын, ошондой эле канча социалдык төлөмдөр төлөнүшү керектиги белгилүү болот. Дагы бир айта кетчү жагдай пилоттук долбоордо курьерлердин жана таксисттердин каттоосу салык же социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткарууга тиешеси жок. Алдыда, биз дагы да милдеттенмелерди аткарууну жеңилдеткен платформаны сунуштайбыз.

 

Бүгүнкү күндө такси агрегаторлорунун бири жана интернет платформалардын башка операторлору менен маалыматтык системаларды тууралоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал аяктагандан кийин пилоттук долбоорго казакстандыктар өз ыктыяры менен кошула алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков