Казакстандын 139 аскер кызматкери жана 4 офицери Бириккен
Улуттар Уюмунун медалдары менен сыйланды. Аларга сыйлыктарды тынчтыкты сактоо
миссиясынын командачысы, Гана Республикасынын армиясынын генерал-майору Анита
Асма жана БУУнун башкы катчысынын тынчтык орнотуу иштери боюнча орун басары
Жан-Пьер Лакруа ата мекендик аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгынын жана
дисциплинасынын жогорку деңгээлин белгилешти. Эске сала кетсек, Казакстандын
көз карандысыз бейпилдик контингенти Фаухар базасында кызмат өтөп, Сириядагы
Голан дөңсөөлөрүндө ок атышпоону камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды аткарып
жатат. Мындан тышкары, аскер кызматкерлери коопсуздукту камсыздап, уюмдун
базаларынын коргонуусун бекемдеп, жергиликтүү калк менен өз ара
аракеттенишүүдө. Ал эми өткөн жылы бештин
айында БУУнун кызматкерлерин өмүргө коркунуч туудурган зонадан эвакуациялоо
учурунда контингенттин курамы жогорку деңгээлдеги эффективдүүлүктү жана
кесиптик даярдыгын көрсөттү.
Жигер Аипов, Тынчтык орнотуу ротасынын командири,
подполковник:
- Казакстандын бейпилдик контингентинин милдеттери -
жоопкерчилик зонасында патрулдук кылуу, БУУнун базаларында жана жоопкерчилик
зонасында жайгашкан пункттардагы кызматкерлерди эвакуациялоо, ошондой эле ар
кандай жаракат алган учурда персоналды медициналык эвакуациялоо болуп саналат. Мындан
тышкары, жоопкерчилик чөйрөсүндө жарылбай калган жардыргыч заттарды издөө жана
табылган жардыруучу заттарды жок кылуу биз аткарган маанилүү милдеттердин бири.
11 айдын ичинде биздин кызматкерлер 500дөн ашык ушундай тапшырмаларды
аткарышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

