Москвада өтүп жаткан 29-эл аралык «ПРОДЭКСПО-2022» көргөзмөсүндө 20 ата мекендик өндүрүшчү өз өнүмдөрүн көрсөттү. Улуттук стендде «Made in Kazakhstan» бренди менен өндүрүлгөн сапаттуу тамак-аш жана жашылча-жемиш азыктары коюлду.
Кайрат Төребаев, Казакстандын Соода жана интеграция вице-министри:
- Бул жерде келишим түзүүнүн мүмкүнчүлүгү чоң. Биринчи күнү эле 60 миллион долларлык келишимге кол койдук. Бул Казакстандын акыркы 11 айдагы азык-түлүк экспортунун 15% жакынын түзөт.
Белгилей кетсек, Казакстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын он бир айында 21,8 миллиард долларды түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га жакын жогору. Ошол эле учурда, Казакстандан Орусияга экспорттун көлөмү 40 пайызга өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков