Касым-Жомарт Токаев тарыхта биринчи жолу «Борбор Азия - Индия» саммитине катышат. Жыйын Индиянын премьер-министри Нарендра Моди тарабынан демилгеленген. Онлайн жолугушууда лидерлер Борбор Азия өлкөлөрү менен Индиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү келечегин талкуулашат. Саммиттин жыйынтыгында Декларация кабыл алынары күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков