«Астана балет» 10-мааракелик сезонун "Жибек жолу" спектакли менен ачты. Көрүүчүлөр Улуу Жибек жолу менен саякатка чыгышты. Бул кербен жолу кылымдар бою түрдүү цивилизацияларды, тагдырларды, маданияттарды байланыштырып келген.
Айнур Абилгазина, «Астана Балет» театрынын артисти:
- Бул балет медитация сыяктуу, көрүүчүлөр үчүн таптакыр бейтааныш дүйнө. Мында эч кандай видео же сюжет жок. Бийдин синтези, маданияттардын айкалышы гана. Спектаклдин өзү керемет болду. Артисттердин кийимдери көздүн жоосун алат. Бийди коштогон музыка укмуштуудай.
Театрдын быйылкы сезону кызыктуу спектаклдерге бай болот. Адаттагыдай эле көрүүчүлөрдү өзгөчө хореографиялык стилдеги жаңы спектаклдер күтүүдө.
Нурлан Канетов, «Астана Балет» театрынын көркөм жетекчиси:
- 2022-жылдын аягына чейин кош балет коюуну пландап жатабыз. Биринчиси - Альберто Алонсонун "Кармен сюита» балети жана балдар үчүн "Кар ханышасы" спектакли. Акыркысын Георгий Кофтун коет. Ал буга чейин “Козы Көрпеш – Баян сулу” балетин койгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков