Казакстандык тасма Испаниядагы эл аралык кинофестивалдын сынактык программасына кирди

Казакстандык тасма Испаниядагы эл аралык кинофестивалдын сынактык программасына кирди

Испаниянын Сан-Себастьян шаарында өткөн 71-эл аралык кинофестивалдын сынактык программасына казакстандык “Баурына Салу” тасмасы кирди. Дебютант режиссёр Асхат Кучинчирековдун эмгеги казактын түпкү салты боюнча чоң энеси тарбиялаган баланын жашоосун баяндайт. Чоң энеси каза болгондон кийин ата-энесине кайтып келип, жаңы шартта чоочун адамдар менен мамиле түзүшү керек болот. Тартуу иштери үч жылга созулган. Окуя Алматы облусунда болгон. Белгилей кетсек, эл аралык кинофестиваль аяк оона айынын 22си, 30у күндөрү өтөт. Сынак - Канн, Берлин жана Венециядан кийин төртүнчү орунда турган Европадагы эң байыркы жана эң маанилүү испан тилиндеги конкурстардын бири болуп саналат

Которгон: Илгиз Жамалбеков