Орусиянын борборунда Казакстандын маданият күндөрү өттү.
Москванын тургундары жана коноктору белгилүү Третьяков галереясында «Казакстан
искусствосунун берметтери» көргөзмөсүнө күбө болушту. Анда ата мекендик сүрөт
жана скульптура чеберлеринин 60тан ашык уникалдуу чыгармалары коюлду.
Маданият сүйүүчүлөр «Парасат майданы» спектаклин көрө алышты. Сахналык оюн казак адабиятынын классиги Төлен Абдиктин чыгармаларынын негизинде түзүлгөн. Бул спектаклди Калибек Куанышбаев атындагы Казак мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театрынын актерлору ойношту.
Ошондой эле Москвада казак киносунун күндөрү өттү. Көрүүчүлөргө 6 жанрда ата мекендик тасмалар сунушталды. Бул катарда «1941-жылдын жазы», «Токто, түн», «Дос-Мукасан» жана «Алтын Адам» мультфильми бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

