Казакстандык окуучулар эл аралык олимпиадаларда 3 алтын, 13 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу социалдык тармакта Окуу-агартуу министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Быйылкы предметтик олимпиаданын орто жыйынтыгы менен республика боюнча 23 катышуучудан 21 окуучу байгелүү орундарга жетишти. Окуучулар математика 6, физика 5, география 2, биология жана химия боюнча 4 байгеге ээ болушту. Эл аралык илимий сынактардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Ошентип мектеп окуучулары 4 жарым миллион теңгеге чейин сыйлыкка татыктуу болушат. Ошондой эле, ЖРТ тапшырбастан жогорку окуу жайына грантка тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков