Анын айтымында, электрондук форматка өтүү коррупциялык тобокелдиктерди азайтып, өз ара сооданын айкындуулугун жогорулатат жана эң негизгиси бизнеске өз чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Өкмөт башчы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өз ара соода тармагында электрондук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү дагы бир маанилүү тема болуп саналарын белгилеп өттү.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Ушул жана башка маселелер санариптештирүү жаатындагы биргелешкен ишибиздин маанилүү багыттарына айланышы мүмкүн. Санариптик күн тартибинин негизги артыкчылыктарын жүзөгө ашыруу ачык жана тең укуктуу кызматташууга, экономикалык, технологиялык, ошондой эле социалдык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүүгө өбөлгө түзөт.
Форумдун алкагында Алихан Смаилов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Өзбекстандын өкмөт башчылары менен бирге санариптик долбоорлордун эл аралык көргөзмөсү менен таанышты. Анда eGOV Mobile, Smart Data Ukimet, Smart Industry Management Platform сыяктуу ири долбоорлор, улуттук технопарктар ошондой эле бир катар стартаптар тааныштырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков