Түрк тилдүү мамлекеттердин жаштарынын билим алуусу

Түрк тилдүү мамлекеттердин жаштарынын билим алуусу

Түрк мамлекеттер уюмуна кирген жогорку окуу жайлардын студенттери кыска мөөнөттүн ичинде каалаган боордош өлкөнүн университетинде окуп, тажрыйбаларын өркүндөтө алышат. Бул тууралуу Түркестанда өткөн Түрк университеттер союзунун 6-жалпы ассамблеясында айтылды. Жыйынга Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгриядан 50гө жакын университеттин өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү университеттер биримдигинин Түрк кеңеши 2013-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда 40тан ашык жогорку окуу жайлар биримдикке мүчө болуп саналат.

Алим Юылдыз, Сивас Джумхуриет университетинин ректору: /Түркия/

Түрк мамлекеттеринин уюму болгон Түрк университеттер биримдигинин жыйынына биринчи жолу катышып жатабыз. Анткени буга чейин биз жөн эле байкоочу болчубуз. Бүгүнкү жыйында биз түрк университеттеринин биримдигине мүчө болуп кабыл алынабыз. Бул жыйын Түрк университеттер биримдигине мүчө болгон жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты, арттыруу үчүн абдан маанилүү деп эсептейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков