Казакстан гендердик теңчилик боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртты

Казакстан гендердик теңчилик боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртты

Казакстан гендердик теңчилик боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртты. Дүйнөлүк экономикалык форумдун баяндамасында келтирилген маалыматтарга ылайык, өлкө дүйнөлүк рейтингде дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 80-орундан 65-орунга көтөрүлдү. Адистердин айтымында, Казакстан бул көрсөткүчтөргө мамлекеттин жана жарандык коомдун биргелешкен аракетинин аркасында жетишти. Ал эми азыркы 2030-жылга чейинки үй-бүлө жана гендердик саясаттын концепциясы бул көрсөткүчтөрдү мындан дагы жакшыртат. Алсак, жакынкы сегиз жылдын ичинде Казакстанда орточо айлык акынын айырмасын 21 пайызга чейин кыскартуу, ошондой эле мамлекеттик органдардагы аялдардын үлүшүн 30 пайызга чейин жогорулатуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Казакстан жалпы теңдик индекси боюнча Словакия, Монголия, Чехия, Польша жана Армениядан алдыда. Ал эми Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында республика 4-орунда турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков