Казакстанда 2025-жылга чейин 11 миң чакырым жол акылуу болот

Казакстанда 2025-жылга чейин 11 миң чакырым жол акылуу болот

Өлкөдө жалпы узундугу 5 800 чакырымды түзгөн 7 жол тилкесинде акы алуу системасы ишке киргизилди. Алар: 4 тилкелүү жол кыймылы бар биринчи категориядагы «Нур-Султан-Павлодар», «Капшагай-Талдыкорган», «Тараз-Кайнар», «Шымкент-Тараз», «Шымкент-Кызылорда», «Шымкент-Ташкент», «Щучинск-Көкшетау» жолдору. Жол кире 2013-жылы биринчи жолу киргизилген тарифтик деңгээлинде өзгөрүүсүз калды. Серепчилер дал шундай жол жүрүү төлөмдөрү Европа өлкөлөрүндө жүк ташуучу унаалар үчүн 5 эсе, жеңил унаалар үчүн 20 эсе кымбат экенин айтышат. Белгилей кетсек, буга чейин 682 чакырымды түзгөн 4 акы төлөнүүчү жол болгон. Былтыр алардан түшкөн 5,7 миллиард теңге аталган жолдорду тейлөөгө жумшалган. Нурлы жол программасынын алкагында 2025-жылга чейин акы төлөтүү системасын республикалык деңгээлдеги унаа жолдорунун 11 миң чакырымына киргизүү көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков