Бээжин 2022: шорт-тректен Казакстан курамасы жарым финалга чыкты

Бээжин 2022: шорт-тректен Казакстан курамасы жарым финалга чыкты

Бээжин олимпиадасында 1500 метр аралыктагы шорт-трек боюнча эркектер арасында жеңүүчүлөр аныкталды. Бул мелдеште казакстандык Адил Галиахметов да күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча спортчу сегизинчи орунду ээледи. Алтынды түштүк кореялык, күмүштү канадалык, колону орусиялык спортчу жеңип алды.

Адил Галиахметов, шорт-трекчи:

- Баарына рахмат, мага жардам берген машыктыруучуларга, массажисттерге, командага, жанымда жүргөн, жардам берген спортчуларга рахмат. Финалда болгон күчүм менен чуркадым.

Шорт-трек боюнча Казакстандын курама командасы аралаш командалык эстафетада күч сынашты. Муз аянтчасына Абзал Ажгалиев, Яна Хан, Ольга Тихонова жана Денис Никиша чыкты. Чейрек финалдын жыйынтыгы менен спортчулар жарым финалга жолдомо алышты. Бардык мелдештердин жыйынтыгы боюнча Казакстандын курама командасы бешинчи орунду ээледи. Казакстандык Шыңгыз Ракпаров трамплинден секирүү боюнча 38, он чакырымга чуркоодо 41-жыйынтыкты көрсөттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков