Борбор калаанын «Астана балетинин» жаңы сезондогу алгачкы концерттик программасын Чыгыш Казакстан облусунун искусство сүйүүчүлөрү көрүштү. Өскемен шаарында программанын алгачкы күнү театрдын жамааты «Barocco» аттуу камералык музыка кечесин тартуулап, көрүүчүлөрдү ошол доорго саякатка алып барышты. Кеченин жүрүшүндө Иоганн Пахельбельдин «Канон», Алессандро Марчеллонун «Гобой менен оркестрге арналган концерти», Иоганн Себастьян Бахтын кылдуу аспаптар оркестри үчүн сюитасы: «Ария» жана башка белгилүү композиторлордун чыгармалары аткарылды. Эртеси күнү театрдын музыканттары көрүүчүлөргө казак жана чет элдик авторлордун мыкты чыгармаларынын симбиозун сунушташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков