Белгилүү казакстандык скрипкачы Айман Мусакожаева Германиянын борборунда концерт койду. Концерт Европадагы эң абройлуу аянтчалардын бири болгон Берлин филармониясынын чоң залында өттү. Өлкөнүн эл артисти атактуу композитор Арам Хачатуряндын скрипка чыгармасын жергиликтүү симфониялык оркестрдин коштоосунда аткарды. Концерт немис дирижеру Гудни Эмельсондун жетекчилигинде өттү. Алдыда Айман Мусакожаева Казак улуттук искусство университетинин студенттери менен Словения, Франция жана Италияда концерт берүүнү мерчемдеп жатат.
Айман Мусакожаева, Казакстандын эл артисти:
- Бул керемет чоң залда быйыл үчүнчү ирет өнөр көрсөтүп жатам. Биздин спектакль көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Берлин оркестри менен жакшы мамиле түзүлгөн. Акыркы 10 жылдын ичинде бул топ менен көп жолу концерт коюп, көрүүчүлөрүбүзгө көптөгөн программаларды тартууладым. Бүгүн Хачатуряндын симфониялык оркестри менен скрипкага арналган чыгармасын аткардым. Чогулгандар абдан ыраазы болушту. Ошондуктан бүгүнкү программа аларга жакты деп ойлойм.
Которгон:Илгиз Жамалбеков