Астанада Innoprom эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

Астанада Innoprom эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

Казакстан менен Орусия өз ара өнөр жай жана инвестициялык кооперациянын дараметин кеңейтет. Тараптар жалпы баасы 16 миллиард долларды түзгөн 40 биргелешкен долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Астанадагы Innoprom көргөзмөсүндө белгилүү болду. Бул жылы жыйын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда өтүп жатат. Белгилей кетсек, өкмөт башчылар алгач эл аралык экспозиция менен таанышты. Көргөзмөгө Биримдикке мүчө мамлекеттердин 300дөн ашык ишканалары өз өнүмдөрүн көрсөтүштү. Медициналык жабдуулар, химия жана металлургия, IT өнүмдөр, унаа жасоо, курулуш индустриясы жана жеңил өнөр жай. Мында айыл чарба техникасынын көп сандаган түрлөрүн табууга болот.

Алиби Султан, Казакстандык автобизнес бирикмесинин айыл чарба транспортторун жасоону өнүктүрүү боюнча мүдүрү:
-Бул заводдордун бардыгынын кубаттуулугу жылына 35 миң даанага жакын жабдууларды түзөт. Азырынча биз ички рынокту толук камсыздап жатабыз. Алдыдагы убакытта коңшу мамлекеттерге кирүү жолдорун караштыруудабыз. Жалпысынан бүгүнкү күндө өнөр жайдын өнүгүшү тууралуу айта турган болсок, бизде чыгарылуучу бренддер менен үлгүлөрдүн саны жетиштүү деп айта алабыз. Атап айтканда, тракторлор, комбайндар. Мындан тышкары, биз жабык чиркегич жабдууларын иштеп чыгуунун үстүндөбүз.

Көргөзмөдөн тышкары иш-чара ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катышуучулары үчүн өз ара талкуу аянтчасы болуп калды. Панелдик форумду Казакстандын өкмөт башчысы ачты. Алихан Смаилов белгилегендей, масштабдуу жолугушуу бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын жогорку деңгээлин далилдейт. Маселен, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан ассоциациянын катышуучулары менен 30 миллиард долларга жакын соода жүргүзгөн. Өсүш 10%дан ашты.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
-
Бул тенденция быйыл да уланат деп ишенем. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында товар жүгүртүү 14 миллиард долларга жеткен. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев индустриялаштыруу экономиканы ар тараптандыруунун негизги кыймылдаткыч күчү болушу керектигин бир нече жолу баса белгилеген. Кубаттуу өнөр жай базаны түзүү жана экономикалык өзүн-өзү камсыз кылууга жетишүү үчүн өнөр жай тармагын тездетүүгө артыкчылык берүү керек. Казакстандын Өкмөтү жогорку кошумча нарк менен кластерлерди түзүүгө багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Казакстан союздаш мамлекеттер менен өнөр жай тармагында 38 биргелешкен долбоорду ишке ашырды. Дагы 80 жалпы демилге ишке ашырылуу баскычында.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.