Экономикалык өсүш айлана-чөйрөгө түздөн-түз байланыштуу. Мындай пикирин Казакстандагы экологиялык маселелер жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору боюнча кеңири изилдөө жүргүзгөн талдоочулар айтып чыгышты.
Ата мекендик окумуштуулар менен эко-активисттер, эл аралык серепчилерди тартуу менен, бул жаатта биргелешип жүргүзгөн изилдөө иштерин көпчүлүккө жарыялады. Табият коргоочуларынын адистери бүгүнкү күндөн баштап коркунучка каршы чара көрүлбөсө, кийин кеч болорун эскертишет. Жамааттык монографияда өлкөнүн суу ресурстарын башкаруу, абанын булганышы, кыртыштын деградациясы, таштандыларды иштетүү, кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатында квалификациялуу адистердин жаңы идеялары жана сунуштары камтылган. Тармактын адистери суу ресурстарын, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүн, жалпы эко-системанын коопсуздугун камсыз кылуу экономика жана социалдык абалды жакшыртуунун ачкычы, флора жана фаунанын, экосистеманын коопсуздугун камсыз кылуу экономикалык жана социалдык абалды жакшыртуунун ачкычы, негизги кепили болорун белгилешет.
Куралай Карибаева, РКнын Экология жана туруктуу өнүктүрүү институтунун мүдүрү, биология илимдеринин кандидаты:
- Китеп аты эле айтып тургандай, кийин кеч болуп калат. Бүгүн биз бул маселени системалуу түрдө чечишибиз керек. Эң башкысы, эмне үчүн Казакстанга мынчалык көңүл бурулуп жатат? Бул маселелердин башында Казакстан турат окшойт. Себеби, өсүмдүктөр дүйнөсүн алалы, түпкү-теги Казакстанда. Жаныбарлар дүйнөсүн алалы, бизде кандай асыл тукумдуу жаныбарлар бар. Маралдарды алалы, айтор түпкү-теги Казакстанда. Акырында балыктарды алып көрөлү, осётр да кайда? Бизде бар. Ошондуктан бүт дүйнө жүзү Казакстанга көңүл бурат. Эгерде Казакстан так ушул маселелерди чечсе, анда коңшулаш Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кытай жана Орусия да аларды таанууга туура келет. Биздин коркунуч алардын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн төмөндөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков