Мындай маалыматты Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Тарыхый мекенине кайткандардын жарымынан көбү Өзбекстандан келген. Калгандары Кытай, Орусия, Түркмөнстан жана Монголиядан. Этникалык казактар негизинен Алматы, Мангыстау, Түркестан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Астана, Алматы, Шымкент шаарларында отурукташкан. Көчүп келгендердин 20%дан бир аз ашыгы жогорку билимге ээ болсо, 41%ы орто кесиптик билими бар. Ал эми 35 пайыздан ашыгы жалпы орто билимге ээ. Белгилей кетсек, 1991-жылдан бери республикага 1 миллион 110 миң этникалык казак кайтып келген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков