Казакстандык режиссёр Шанхай эл аралык кинофестивалында «мыкты режиссёр» аталды

Казакстандык режиссёр Шанхай эл аралык кинофестивалында «мыкты режиссёр» аталды

Эске сала кетсек, тасма 2022-жылы өлкөгө кеңири таралууга чыккан.  Анда 1931-1933-жылдардагы күч менен жамаатташтыруудан кийин казак талаасындагы массалык ачарчылык эки бир туугандын окуясы аркылуу баяндалат. Тасма "Азиянын жаңы таланттары" деп аталган 3 номинация боюнча кыска тизмеге кирип, "Мыкты тасма", "Мыкты режиссёр" жана "Эң мыкты сценарист" наамдарына ат салышкан. Белгилей кетсек, Шанхай эл аралык кинофестивалы Кытайдагы эң ири жана эң абройлуу фестивалдардын бири катары эсептелет. 1993-жылдан бери ал дүйнө жүзүндөгү кинорежиссерлордун башын бириктирип келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков