Казакстанда 3600дөн ашуун ичүүчү суу жайы табылды. Ал жердеги суунун көлөмү азыр 15,5 куб чакырымды түзөт. Жашоо булагы калкты ичүүчү суу менен камсыз кылып, чарбачылык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн пайдаланылат. Белгилей кетсек, өлкө боюнча бул максатта колдонулган суунун көлөмү 1 куб чакырымга жакын. Жаңы табылган кор эсепке алынып, көзөмөлдөнөт. Өлкөнүн суу кодексине ылайык, жаңы аныкталган суу объектиси эсепке алынгандан сырткары, мыйзам менен да корголот.
Алмас Амангелды,
Суу ресурстары жана ирригация министрлиги департаментинин башкы серепчиси:
- Ичүүчү суунун
бул кору суу жетишсиз болгон учурда керек болот. Министрлик жер астындагы
сууларды изилдөөгө дыкат көңүл бурат. Маселен, мамлекет башчысынын
тапшырмасынын негизинде гидрогеологиялык иштерди уюштуруу жана жер астындагы
суу ресурстарына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча кызмат түзүлөт. Ошондой
эле, өнөр жай жана курулуш министрлигинин геология комитетинин жер астындагы
суулар боюнча функцияларынын бир бөлүгү Суу чарба жана ирригация министрлигине өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков