Казакстанда жумуш менен камсыз болгондордун саны 9 миллионго жакындады

Казакстанда жумуш менен камсыз болгондордун саны 9 миллионго жакындады

Finprom.kz порталы берген маалыматка караганда, өткөн жылы бул көрсөткүч 1,7%га өскөн. Маселен, шаарда үзгүлтүксүз киреше тапкандардын саны өссө, айыл жеринде тескерисинче азайган. Жумуш менен камсыз болгондордун 94 жарым пайызынын бир гана негизги жумуш орду болсо, калгандарынын жеке бизнеси жана кошумча киреше булагы бар. Иш менен камсыз кылуу боюнча Алматы алдыда. Алдыңкы үчтүктө Алматы жана Түркестан облустары турат. Ал эми Улытауда, Абай жана Түндүк  Казакстанда башка аймактарга караганда жумушсуздардын саны көп. Жарымынан көбү  дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, билим берүү, токой жана балык чарбаларында иштейт. Ал эми суу менен камсыздоо, өнөр, оюн-зоок, эс алуу сектору жана электр энергиясы тармагында адистердин жетишсиздиги байкалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков