Борбордук Азия өлкөлөрү аймактагы экологиялык курулушту биргелешип өнүктүрөт. Бүгүн Астанада аймактагы өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрү бул багытта өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Документтин алкагында тараптардын жашыл курулуш тармагындагы илимий-тажрыйбалык кызматташтыгы кеңеет. Бул багытта Казакстандын башкаларга үлгү боло турган жактары көп. Учурда республикада эл аралык жашыл курулуш талаптарына жооп берген 100гө жакын имарат бар. Алардын жарымы улуттук стандарт боюнча курулган. Өлкө региондо биринчилерден болуп аталган багытта өзүнүн эрежелерин түздү. Жалпысынан бүгүнкү күндө энергиянын жарымына жакынын социалдык объектилер, бизнес борборлор жана турак жай комплекстери керектейт. Келечекте бул көрсөткүчтү 15% чейин төмөндөтүү пландалууда. Буга байланыштуу өлкөдө ар кандай мамлекеттик колдоо механизмдери ишке кирди. Ата мекендик компаниялар «жашыл» курулушка керектүү материалдарды өндүрүүгө басым жасайт.
Диас Байсейитов, Казакстандын жашыл курулуш кеңешинин өнүктүрүү боюнча мүдүрү:
- Биздин «Өмүр» аттуу экологиялык имараттар боюнча стандартыбызга башка мамлекеттеги кесиптештер чоң кызыгуучулук таанытууда. Алар ушул жана жөнөкөйлөштүрүлгөн жашыл ипотекалык каржылоо сыяктуу түрдүү мамлекеттик колдоо механизмдерин ишке ашырууга ынтызар. Мындан тышкары, келишимдин алкагында заманбап билим берүү программалары менен бөлүшөбүз. Башкача айтканда, жогорку окуу жайлардын ортосунда кызматташтык түзүлөт. Заманбап курулуш тажрыйбасы боюнча инженерлер жана архитекторлор өз ара тажрыйба алмашат.
Темур Ахмедов, Өзбекстандын экологиялык курулуш боюнча кеңешинин негиздөөчүсү жана мүдүрү:
- Казакстанда «жашыл» курулуш боюнча көптөгөн иштер аткарылып жатат. Буга байланыштуу Улуттук стандарт бекитилген. Өзбекстанда ушул багытка эми көңүл бурула баштады. Ага ылайык, Казакстандын тажрыйбасынан көп нерсени үйрөнсөк болот. Өз кезегинде бул темада мектеп программасын жергиликтүү кесиптештерибиз менен бөлүшө алабыз. Ошентип, бири-бирибизди толуктап, бүтүндөй аймакка «жашыл» объектилерди киргизүү жараянына түрткү берүүнү мерчемдеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков