Бүтүрүүчүлөргө дагы бир мүмкүнчүлүк. Баш оонада өтө турган экинчи Улуттук бирдиктүү тестирлөөгө өтүнүч кабыл алуу башталды. Буга катышууну каалагандар теке айынын 25нен30на чейин документ тапшырып үлгүрүүгө тийиш. Талапкерлер катталууда сынак тапшыра турган ордун, күнүн жана убактысын өздөрү тандайт. Тестирөө электрондук форматта баш оонанын 10-13-күндөрү өтөт. Ага быйылкы жана өткөн жылдары мектепти бүткөндөр, ошондой эле, колледждер менен чет өлкөлүк мектептерде окугандар катыша алышат. Жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга өтүшү үчүн талапкерге ар бир сабак боюнча бештен кем эмес упай топтоо керек.
Руслан Емелбаев Улуттук тестирлөө борборунун директору
- Улуттук бирдиктүү тестирлөөгө тапшыргандардын 67 пайызы же103 миң 203 бүтүрүүчү босого чектен өттү. Өтпөй калган 50 миңден ашык мектеп окуучулары бар. Баш оонада аларга жогорку окуу жайына акы төлөп окуу үчүн тестирлөөгө катышууга экинчи мүмкүнчүлүк берилет. Ошол эле учурда талапкерлер жогорку окуу жайларына баш оонадагы сертификатынын жыйынтыгын кошуп көрсөтө алышат.
Которгон: Субанбек Исмакеев