Баалуу тарыхый кадрлар музейде сакталып турат. Режиссёр Оралбек Сарыбасов Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай Туңгуч Президент - Эл Башы китепканасынын музейине өзгөчө белек тартуулады. Автор өзүнүн жеке архивинен 1991-жылы Алматы шаарында өткөн Нурсултан Назарбаевдин инаугурациясын, ошондой эле, салтанаттан кийин Шакир Абенов аттуу аксакалдын туңгуч президентке берген батасы жазылган атайын кадрларды сунуштады. Белгилей кетсек, уникалдуу кадрлар 1993-жылы чогултулуп, 20 мүнөттүк «Бата» тасмасына тартылган. Бүгүнкү күндө даректүү тасманын түп нускасы Эл Башы китепканасына өткөрүлүп берилип, келечекте материал сакталып гана тим болбостон, илимий-көргөзмө долбоорлорунда да колдонулат.
Оралбек Сарыбасов, режиссёр:
- Негизи казакта «Бата менен эл көгөрөт» дешет. Туңгуч президентибиздин биринчи инаугурациясы биздин жаш кезибиз болсо да, ошол кезде жаныбызга операторубузду ээрчитип алып, тартып алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бата алуу учуру деген ал – Казак мамлекетинин бир босогодон экинчи босогого аттоосу. Эгемендик алган жылдагы эң алгачкы Туңгуч Президентибиздин улуктоо учуру. Ошол инаугурациядагы бата алып жаткан учуру. Мына эми ошол бата менен 30 жылдыкка аман эсен жеткенибизге шүгүр дейбиз.
Белгилей кетсек, тарыхый кадрларды көрүүчүлөр «Тарыхый тандоо. Эгемендүүлүк доору» көргөзмөсүнүн алкагында 2022-жылдын үчтүн айынын 28не чейин Эл Башы китепканасынын музейинде көрө алышат. Экспозицияда Казакстандын мамлекет катары калыптанышынан кабар берген тарыхый документтер, материалдар жана фотосүрөттөр коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков