Кытайдын CGTN телеканалынын журналисти Казакстанга медиа-тур жасады. Алар Jibek joly/Silk way телеканалынын жамааты менен биргеликте Алматы шаарынын жашоосу жана Алматы облусунун кооз жерлери тууралуу бир катар репортаждарды даярдашты. Өлкөнүн берүүлөрү Кытайдын эл аралык телеканалында үч тилде – казак, орус жана англис тилдеринде көрсөтүлөт. Журналисттер өз ишин мыкты жерлердин бири болгон Алматы — Медеуде аяктады.
Ризагуль Гульгина, CGTN кабарчысы:
- Жалпысынан Алматы баарыбызга абдан жакты. Шаар абдан
заманбап, айланасы тоолор жана кооз пейзаж. Туруктуу өнүгүү жаатындагы
кытай-казак кызматташтыгы тууралуу репортаж тарткым келди. Мен ага жетиштим. Конаев
шаарында болдум, ал жакты жакшы тартып алдым. Бул жерде да пейзажды тарткыбыз
келип, Медеу, Көктөбеге келдик. Ал жакта да абдан жакшы иштедик.
Экспедициялык топтун жетекчиси белгилегендей, бул жөн
гана медиа тур эмес, эки өлкөнүн маданий жана тарыхый жакындашуусу болуп
саналат. Журналисттер казакстандыктардын өмүрү жана жашоо образы менен
таанышууга, кызыктуу окуяларды угууга мүмкүнчүлүк алышты. Кытайлык кесиптештери
алган таасирлери менен бөлүшүп, жаратылышка, меймандостукка суктангандыктарын
жашырышкан жок.
Сюй Чжаоцюн, CGTN телеканалынын маданият департаментинин
мүдүрүнүн орун басары:
- Медиа-турдун жүрүшүндө биз бул өлкөнүн тургундары менен
баарлаштык. Бул менин жан дүйнөмдүн түпкүрүнө чейин жетти. Менин оюмча, бул
сапар биздин бүткүл жамаатыбыздын жүрөгүнө достуктун уругун сепкендей болду. Ал
жыл өткөн сайын жемишин бере берет. Биздин биргелешкен ишибиз абдан жемиштүү
болду. Теледен, интернет аркылуу көрсөткөн кооз окуяларды өзүбүз менен кошо ала
кетебиз. Мындай турдун аркасында биздин кандай жакшы коңшулук мамилелерибиз бар
экенин бүткүл дүйнө билет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

