Казакстан менен Франция фото сүрөтчүлөрүнүн биргелешкен долбоору. Астана борборунун жээгинде жакында Парижде боло турган Паралимпиада оюндарына арналган уникалдуу көргөзмө ачылды. Анда спорттун бир нече түрлөрүндө чоң эрдик көрсөтүп, чемпион аталган атактуу атлеттердин сүрөттөрү сунушталды. Алардын айрымдары, Франциянын борборунда боло турган төрт жылдык мелдештерде өлкөнүн намысын коргошот. Пара-спорт мелдеши баш оона айнын 28 менен аяк оона айынын 8де өтөт.
Дидье Канесс, Франциянын Казакстандагы элчиси:
– Бул көргөзмө эки фотографтын биргелешкен долбоору. Алардын бири франциялык Дидье Эшлар, экинчиси казакстандык Оспан Али. Бул эки галереядан паралимпиадачылардын портреттерин көрүүгө болот. Парижде 4500дөй паралимпиадачы, спорттун 22 түрү боюнча күч сынашат. Бул көргөзмө жылы бою өткөрүлүүчү маданий иш-чаралардын жылнаамасында өзгөчө орунду ээлейт. Быйыл көптөгөн окуялар болсо да биз көңүлүбүздү Олимпиада оюндарына буруп жатабыз.
Белгилей кетсек, Казакстан Парижде өтүүчү жайкы Паралимпиада оюндарына 21 лицензия утуп алган. Алардын бири параканоист Жаңыл Балтабаева. Ал мындай жолдомого Венгрияда өткөн паралимпиадалык каноэ боюнча дүйнөлүк чемпионатта ийгиликтүү катышкандыгынын аркасында ээ болду. Азыр спортчу мелдешке кызуу даярданып жатат.
Жаңыл Балтабаева, Пара Азия оюндарынын байге ээси:
– Биринчиден, машыктыруучунун колдоосуна ишенем, анан өзүмө ишенем, баары жакшы болот деп ойлойм. Мен кечээ жакында эле Польшадан келдим, ал жакта аба ырайы шамалдуу. 30-40 күн аралыгында машыгуу өткөрдүм. Парижге барганга чейин Польшада машыгууда болом.
Белгилей кетсек, Туризм жана спорт министрлигинин, Франциянын Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган фотокөргөзмөнү борбор калаанын бардык коноктору жана тургундары баш оона айынын 14нө чейин көрө алышат.