Астанада литвалык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Астанада литвалык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Сүрөт тартуу өнөрү менен кооз музыканын үндөштүгү. Борбордун тургундары менен коноктору литвалык белгилүү сүрөтчү жана композитор Микалоюс Чюрлёнистин кайталангыс чыгармасына күбө болушту. Улуттук музейде Литва маданиятынын көрүнүктүү өкүлүнүн 150 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Микалоюс Чюрлёнис бай мурас калтырды. Кылкалем чебери жана композитор өзүнүн чыгармачылык жолунда 300дөн ашык живопись жана графикалык чыгармаларды, ошондой эле 200 музыкалык чыгарма жазган. Астанадагы көргөзмөдө автордун өзүнүн музыкасынын коштоосунда анын тандалган сүрөттөрүнүн репродукциялары тартууланды. Алардын арасында – «Дүйнөнүн жаралышы», «Күндүн сонатасы», «Деңиздин сонатасы» сыяктуу белгилүү чыгармалар бар. Литванын өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мааракенин ээсине арналган маданий-агартуу иш-чаралары өтүп жатат. Казакстандагы көргөзмөсү кулжа айынын 12не чейин уланат.

Эгидиюс Навикас, Литванын Казакстандагы элчиси:

- Көргөзмө-Казакстан менен Литванын ортосундагы тыгыз маданий байланыштардын жаркын мисалдарынын бири. Жергиликтүү коомчулукту Улуттук өнөрүбүз менен тааныштыруу үчүн ушундай көрүнүктүү өкүлдөрдүн чыгармачылыгын көрсөтүү жакшы салтка айланды. Көбүнчө көргөзмөлөр сыяктуу ар кандай биргелешкен маданий долбоорлор уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамлабеков