Казакстандык тасма Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда мыкты деп таанылды

Казакстандык тасма Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда мыкты деп таанылды

Эл аралык кинофестивалдарда топ жарып, өлкөнү таанытып жаткан казакстандык фильмдердин катары кеңейип келүүдө. Маселен, дагы бир ата мекендик тасма 26-жолу Шанхайда өтүп жаткан «Алтын кубок» эл аралык кинофорумунда мыкты деп табылды. Ал «Ажырашуу» тасмасы. Быйыл эл аралык сынакка 29 өлкөдөн 50 тасма катышты. Калыстар тобу ата мекендик тасманы комедия, фарс жана трагедиянын кайталангыс айкалышы жана коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрө билгени үчүн жогору баалашты. Тасманын сюжети өткөн кылымдын 1920-жылдары болгон. Режиссёр Дания Саламат үй-бүлөдөгү аялдын макамы менен коомдогу орду сыяктуу курч маселени көтөрдү. Чыгарманы тартууга 10 жыл убакыт кеткен.

Белгилей кетсек, ата мекендик тасма «Мыкты аялдын ролу» номинациясы боюнча да топту жарды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков