Күзүндө «Астана Опера» театрынын сахнасында «Опералия» классикалык искусствонун эл аралык фестивалы өтөт. Анын алкагында шаар тургундарына жана конокторуна дүйнөлүк маданият менен байланышууга мүмкүнчүлүк берген концерттер уюштурулат. Режиссер Галым Ахмедьяров театрдын пландары, көптөн күткөн бет ачарлары жана гастролдору тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жакын арада белгилүү топтордун гастролдук концерттери пландалууда. Алардын арасында Борис Эйфмандын балети бар. Ал жогорку искусство күйөрмандарынын алдында эки спектакль — «Анна Каренина» жана «Пигмалион эффектиси» менен чыгат.
Ошондой эле театр үчүн онунчу мааракелик жыл атактуу чех балетмейстери Иржи Килиандын Моцарттын музыкасына жазылган «Кичинекей өлүм» эксклюзивдүү балетинин премьерасы менен уланат. Андан кийин, спектаклдердин программасына композитор Герман Левенскольддун «Ла Сильфид» балетин киргизүү пландаштырылууда. Балдар аудиториясы үчүн репертуар жаңы чыгармалар менен толукталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков