Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Анда катуу отунду байытуунун жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын иш жүзүндө киргизүү, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу, көмүр химиясын өнүктүрүү, көмүрдү таза жана эффективдүү пайдалануунун башка жолдору, ошондой эле өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланат. Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан талкуу форумуна мамлекеттик органдардын, көмүр казуучу ишканалардын, улуттук компаниялардын жетекчилеринин, казакстандык жана эл аралык эксперттердин катышуусу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, форум тоо-кен металлургиясынын 13-эл аралык конгрессинин алкагында өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков