Улуу Ата мекендик согуш тууралуу тартылган казакстандык тасмасынын тизери жарыяланды

Улуу Ата мекендик согуш тууралуу тартылган казакстандык тасмасынын тизери жарыяланды

Казакстандык режиссёр Талгат Теменовдун “Кара кыз” тасмасы жакында жарыкка чыгат. Аскердик драма казак жоокерлеринин баатырдыгы, Советтер Союзу учурундагы казак кыздарынын эрдиги жөнүндө баяндайт. Тасманы тартуу иштери былтыр Түндүк Казакстанда жана Алматы облусунда жүргөн. Башкы ролдорду жаш актёрлор Нурай Сактапова менен Ерлан Кулмурзин ойношту. Тасманын саундтрегин Димаш Кудайберген аткарат. Бюджети 578 миллион теңге болгон тасма Маданият жана спорт министрлигинин буйрутмасы менен Улуттук кинематографияны колдоо борборунун жардамы менен тартылган. Бет ачары ушул жылдын күз айларына пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков