Казакстандык студенттер космостук нано жандоочтор менен
байланыш түзүштү. Ошентип, алар абанын температурасы жана басымы, нымдуулук менен
абанын булганышы боюнча маалыматтарды чогултушту. Белгилей кетсек, бүгүнкү
күндө республикадагы жалгыз жандоочу робототехника клубу Түркестан облусунда
гана бар. Ага 30га жакын бала катышат. Ошондой эле, болочок окумуштуулар өткөн жылы 2 заманбап
наноспутникти атмосферанын жогорку катмарына учурушкан. Салмагы 10 кг болгон
кичинекей космостук аппараттар бир нече камера жана сенсорлор менен жабдылган. Тогуздун
айында алар жылдыздуу асманды изилдөөгө жардам бере турган дагы бир аппарат кураштырууну
пландап жатышат.
Еркин Актаев, долбоор жетекчиси:
Бул жерде биз балдарды биринчи нано жандоочторду чогултууга даярдайбыз. Бул үчүн бүгүн биринчи этапта биз балдарга теориялык билим менен толук маалымат бере алабыз. Андан соң ошол нано жандоочтордун ичиндеги микросхемаларды чогултууну жана кураштырууну үйрөтө баштайбыз. Андан кийин биз бул компьютердик программаларды, анын ичинде программалоо системаларын тааныштырабыз, алар аркылуу балдарга маалыматтык системаларды кантип колдонуу керектигин үйрөтөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков