Казакстандык
куткаруучулардын авиапаркы атайын операциялар үчүн заманбап көп максаттуу учак
менен толукталды. Л-410 бортунун негизги максаты - гуманитардык жүктөрдү жана
өздүк курамды ташуу, жабыр тарткандарды эвакуациялоо. Эң экстремалдык шарттарда
иштөөгө арналган атайын аба транспортун борбор калаанын аэропортунда
салтанаттуу тосуп алышты. Кеме оор жана жугуштуу оорулар менен ооругандарды
ташуу үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен жабдылган. Казакстандык учкучтар
Праганын авиациялык даярдоо борборунда аны башкаруу жана тейлөө боюнча атайын
окуудан өтүштү. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы
ушундай эле 3 учак жеткирилишин күтүүдө.
Артём
Мовсесян, «Omnipol» компаниясынын
вице-президенти:
- Бул абдан көп функциялуу учак. Сыноодон өткөн ишенимдүү унаа, башкача айтканда, анын 1200дөн ашык учагы чыгарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сатып алган нерсе соңку модификация, эң заманбап. Бул мындай модификациясы бар эң заманбап биринчи кардар. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү биринчи кардарыбыз болгондуктан , бул биз үчүн чоң сыймык. Бул учак жөнөкөй, ал көп функционалдуу, даяр эмес аянтчаларга коно алат. Ар кандай тапшырмаларды аткара алат.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

