Казакстандын өкмөтү 2022-жылга карата иш планын иштеп чыгууга киришти. Ар бир министрлик өз тармагындагы иш-чаралардын комплексин сунуштады. Тактап айтканда, Соода министрлиги мунай эмес экспортту жана ички сооданы колдоо боюнча иш алып барат. Билим берүү жана илим министрлиги эмгек рыногунда талап кылынган кадрларды даярдоо системасын өркүндөтөт. Маданият жана спорт министрлиги туризм тармагында 192 инвестициялык долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи кезекте айыл жергесинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлмөкчү. Эмгек министрлиги Социалдык кодексти жана Миграция саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгат. Энергетика министрлиги электр энергиясын бөлүштүрүүчүлөрдү көзөмөлгө алуу, ички рыноктун мунай өнүмдөрүнө, электр энергиясына жана газга болгон керектөөсүн камсыздоо чараларын сунуштады.
«Программанын бардык аспектилери практикалык жана калктын жашоо сапатын реалдуу жакшыртууга багытталган болушу керек. Өлкө эли оң өзгөрүүлөрдү сезиши үчүн эффективдүү чараларды иштеп чыгуу зарыл», - деди Премьер-министр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков