Түштүк Кореяда чектөө чаралары жеңилдетилди. Мындай чечим COVID-19 илдетин жуктуруу көрсөткүчү азайгандан кийин кабыл алынды. Маселен, өткөн айда вируска күн сайын 400 миңден ашык адам чалдыкса, өткөн бир суткада эле 280 миң адам катталган. Түштүк Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, өлкөгө чет өлкөдөн илдетти жуктурган 48 гана адам келген, калгандарынын баары инфекциянын өлкө ичинде жайылышы менен байланыштуу. Белгилей кетсек, Түштүк Кореяга келген эмдөөдөн өткөн туристтер мындан ары бир жумалык карантинден өтүшү талап кылынбайт. Туристтерге коюлган чектөөлөр акырындык менен жеңилдейт.
Мен бул мүмкүнчүлүктү көптөн бери күтүп жүргөм. Карантин талабы алынып салынганда, биз дароо Гавайиге билет алганбыз. Бизде вакцина бар. ПЧР-тестинен да өттүк.
Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам чет өлкөгө гана эмес, өлкөнүн ичине да чыгуудан коркчумун. Чет өлкөгө иш-сапарым менен барганда мейманканадан такыр чыкчу эмесмин. Ал эми карантин алынып салынганы, аз да болсо көңүлдү жылытты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков