Казакстанда космостук технологияларга негизделген темир жолдун жаңы географиялык маалымат системасы пайда болушу мүмкүн. Мындай жаңычылдыкты Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Жерди алыстан зонддоо борборунун адистери иштеп чыгышкан. Бул системанын негизинде ата мекендик окумуштуулар темир жолдордун электрондуу вектордук картасын түзүүнү сунуштап жатышат. Ал заманбап навигатор болуу менен бирге биринчи кезекте тармактын адистери үчүн пайдалуу болот. Мисалы, темир жолдун айланасындагы бардык инфраструктураларды, анын ичинде вокзалдар жана өтмөктөрдү системага кошууга болот. Мындан тышкары, ага семафордон тартып шпалдарга чейин ар бир деталдарды каттоо мүмкүнчүлүгү бар. Жолдун каалаган бөлүгүндө линиядагы жумушчулар планшеттин жардамы менен маалыматты системага түз киргизе алышат. Бул диспетчер тарабынан кырдаал борборуна билдирүүнү тез жана өз убагында жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Бахыт Сахариев, Темир жолдун санариптик үлгүсүнүн автору:
- Электрондук-вектордук карта түзүлсө, аны маалымат базасына кошууга болот. Ар бир станцияны, мисалы, ар бир темир жол өткөөлүн, барын көрүүгө болот. Анын мүнөздөмөлөрүн, ар бир бөлүмдүн башчысы ким, качан оңдолгон, качан оңдоо иштерин жүргүзүү керек, ошонун баарын көрүүгө болот. Темир жолчулардын өздөрү гана эмес, жүргүнчүлөр дагы поезд кайсы жол менен жүрөт, кетип бара жатканда кайсы шаарлардан өтөт, канча убакыт калды, канча убакыт өттү, канча чакырымды басып өттү мына ушунун баарын көрө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков