Торгой геоглифтеринин сырын жакында казакстандык
окумуштуулар ачышы мүмкүн. Бул үчүн 2007-жылы гугл картасынан адаттан тыш
геометриялык оймо-чиймелерди тапкан казак археологиясынын энтузиасты Дмитрий
Дей OSL-дата анализин жүргүзүүнү көздөөдө. Бул жер менен чоподон жасалган
оймо-чиймелердин жашын аныктоого мүмкүндүк берет. Изилдөөчүнүн айтымында,
байыркы курулуштар неолит доорунда күн обсерваториясы катары колдонулушу мүмкүн.
Алардын жардамы менен аңчылар жаратылыш циклдарын жана сайгактардын миграциясын
көзөмөлдөшкөн.
Дмитрий Дей, Turgay Discovery илимий-изилдөө долбоорунун
жетекчиси:
- Бизге OSL-анализинин датасын алуу керек. Тактап
айтканда, так датасын. Эгерде ал жерде орточо эсеп менен 8 миң жыл мурун деп
көрсөтүлсө, миңдеген жылдар жөнүндө айтып жатам, анда биз бул геоглифтер 8-9
миң жыл мурун курула баштаганынын илимий далили экенин көрсөтөбүз. Биз муну
жүргүзө турган лабораторияны таптык. Келерки жылы биз байыркы объекттердин так
датасын алабыз.
Ал эми азыр толук кандуу картинаны тартуу үчүн Дмитрий
Дей даректүү тасма тартууда. Анда ал Казакстандын түндүгүндөгү бул сырдуу
фигураларды ким жана качан курганын, максаты эмне болгонун айтып берет. "Убакыт
табышмагы" тасмасынын бет ачары эки жылдан кийин болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

