Казакстан баш оона
айында Германияга 100 миң тонна мунай жөнөтүүнү пландоодо. Күйүүчү май «Дружба»
кууру аркылуу ташылат. «Дружба» мунай
түтүгүнүн Германия багытындагы эки тармагынын бири Польшадагы участкада суунун
агып кетишинен улам токтоп калгандыгына карабастан, Казакстан эч кандай
жоготууга учурабайт. Жеткирүү жакында улантылат. Бул тууралуу Энергетика
министрлиги билдирди. Ал эми теке айынын башында өлкө Европанын аталган
мамлекетине үч жүз миң тоннага жакын «кара алтынды» экспорттогон. Белгилей
кетсек, ата мекендик
ири мунай-газ компанияларынын бири быйыл бул өнүмдүн көлөмүн көбөйтүүгө квота
алган. Ага ылайык, Казакстан быйыл Германияга миллион тоннадан ашык мунай жөнөтө
алат. Талдоочулардын айтымында, биринчи партия алты ай мурун – бирдин айында
жиберилген.
Темирлан
Үркимбаев, Энергетика министрлиги департаментинин мүдүрүнүн
орун басары:
PERN Польша куур оператору мунай менен
камсыздоодо көйгөйлөр болушу мүмкүн экенин эскерткен эмес. Ошондуктан негизинен
баары нормалдуу иштеп жатат. Алардын маалымдашынча, мунай өндүрүү кайра
жанданат жана эч кандай көйгөй болбойт. Болуп өткөн окуядан улам бизге
үстүбүздөгү жылдын баш оона айында мунай Самарадан Адамово Заставасына багыттала
тургандыгын кабарлашты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков